227 млн сомго Баткенге 3 мектеп курулат

31 декабря 2020, 10:35

Баткен облусунда 3 мектептин курулуш иштери үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 227 млн 99.1 миң сомду түзүүдө. Бөлүнгөн каражатка Кайыңды айылына 150 окуучуга, Чечме айылына 225 окуучуга, Кара-Жыгач айылына 375 окуучуга ылайыкташкан мектеп куруу пландалууда.