4 күн ичинде 1.3 млн сомго баалуу кагаздар сатылды

26 января 2021, 15:45

18-январдан 22-январга чейин баалуу кагаздар рыногунда 1.3 млн сомго баалуу кагаздар сатылган. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунан маалымдашты.

Фонддун аянтчасында отчеттук мезгил убагында ААК «Салым Финанс» 500 миң сомго, «Баркад» ЖЧК 800 миң сомго баалуу кагаздарды чыгарды.

Экинчи рынокто 7 млн сомго 55 келишим катталган. Мамлекеттик казыналык баалуу кагаздарда 4.5 млн сом сатылган. Баалуу кагаздын баасы 94.35 сомго сатылган.