Кыргызстанга аткезчилик жолу менен ташылып келген 4 унаа кармалды

3 февраля 2020, 15:35

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан аткезчилик жолу менен ташылып келинген төрт автоунаа аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ташылып келген унаалдардан мемлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 609 591 сомду түзөт. Алар «Мерседес-Бенц Е280», «Мерседес-Бенц S-Class»,«Тайота –Лендкрузер-200» жана «Мазда CX-5» унаалары.

Бул фактылар боюнча чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоуктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.