410 млн сомго 983 кепилдик берилген

18 августа 2020, 15:15

Бүгүнкү күндө Кепилдик фонду тарабынан ишкерлерге колдоо көрсөтүү улантылып жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде «Кепилдик фонду» ААК Башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров маалымдады.

«Бүгүнкү күндө Кепилдик фонду Президенттин жана Өкмөттүн тапшырмасын жана 1-2 антикризистик планды аткаруу боюнча иш алып барып, ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү улантып жатат. Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 98% өлкөнүн региондорундагы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн колдоого багытталган. Бүгүнкү күнгө чейин 410 млн сомго 983 кепилдик берилген», - деп билдирди «Кепилдик фонду» ААК Башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров.