Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 136.8 млн сом топтолгон

7 мая 2020, 11:45

7-майга карата Саламаттык сактоо министрлигинин атайын эсебине 136 млн 782 миң сом топтолгон. Бул тууралуу help.covid.kg сайтында маалымдалат.

Чогулган каражаттын ичинен 64 млн 44 миң сому коротулган.

Соцөнүгүү министрлигинин депозиттик эсебине 17 млн 193 миң сом топтолуп, анын ичинен 16 млн 140 миң сому коротулган. Андан сырткары, мэриянын атайын эсебине бөлүнгөн 7 млн 56 миң сомдун ичинен - 2 млн 681.4 миң сом тиешелүү жакка жумшалган.

Белгилей кетсек, каражаттар ыктыярдуу негизде физикалык жана юридикалык жактардан түшүп жатат.