7-октябрда коммерциялык банктар иштебейт

7 октября 2020, 10:30

Бүгүн Улуттук банк жыйын өткөрүп, коммерциялык банктардын иштөөсүнө уруксат берүү боюнча маселе көтөрүлдү. Бул тууралуу «Акчабарга» регулятордон билдиришти.

Жыйынтыгында бүгүн дагы банктарга ишин токтото туруу боюнча чечим кабыл алынды.

«Биз тараптан коммерциялык банктарга ишин уантуу же убактылуу токтото туруу боюнча сунуш гана берилет. Акыркы чечимди ар бир каржы-насыя уюмдар өз алдынча кабыл алышат», — деп айтты Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева.

Муну менен катар жарандарда онлайн-кызмат аркылуу банктардын кызматын колдонууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Коммерциялык банктардын басымдуу бөлүгү Улуттук банктын сунушун кабыл алышты. Көптөгөн финансы-насыя уюмдар ишин ушул жуманын аягы же болбосо кийинки жуманын башында баштоону пландоодо.

Кошумчалай кетсек, 7-октябрда Улуттук банктын берген сунушуна чейин айрым банктар иштерин токтото турууну чечишкен.

Алар: «Кыргызкоммерцбанк», «Азия Банкы», «Компаньон Банкы», Пакистан банкынын филиалы, «Керемет Банк», KICB, «Халык Банк» жана «ЭкоИсламикБанк».