70 студентке 50 миң сомдон стипендия тапшырылат

18 декабря 2020, 13:20

Президенттин м.а. Талант Мамытов Жогорку окуу жайында билим алган 70 жакшы окуган студентке жылдын жыйынтыгы менен президенттик стипендия берүү чечимине кол койду.

Ар бир студентке 50 миң сомдон стипендия берилет. Бул үчүн жалпысынан 3.5 млн сом каралган.

Кошумчалай кетсек, стипендия 10 айда бир берилет.