8 ай ичинде Кыргызстанга Россиядан 191,3 млн $ мунай зат келген
Кыргызстанга импорт Россиядан көп келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Россиядан келген импорттун көлөмү 2019-жылдын январь-августунда 263,7 млн долларды түздү.
8 ай ичинде Россиядан Кыргызстанга:
- 191,3 млн долларга мунай зат;
- 41,9 млн долларга темир жабдуулары;
- 18,7 млн долларга өсүмдүк майы;
- 11,8 млн долларга жер семирткичтер келген.