973 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды

21 сентября 2020, 10:45

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгуу жөнүндө 4 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президенттин үч Жарлыгы менен 973 адам (771 чоң адам жана 202 бала) КР жарандыгына кабыл алынат, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар жана дагы бир Жарлык менен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан 238 адам (186 чоң адам жана 52 бала) чыгарылат.