АКШнын ИДПсы 32.9% төмөндөдү

31 июля 2020, 15:40

АКШ ИДПсы экинчи кварталда 32.9% төмөндөп кетти. Экономикалык анализдер бюросунун берген маалыматына ылайык, бул АКШ тарыхындагы 1947-жылдан кийинки эле алгачкы рекорддук төмөндөө болгон.

Буга чейинки антирекорд 1958-жылы экономика 10% төөндөп кеткенде катталган. Ал эми азыркы көрүнүш мындан үч эсеге жогору болуп жатат.

«Экинчи кварталда ИДПнын төмөндөөсү COVID-19 пандемиясына байланыштуу. Бул учурда өкмөт үй чарбаларга жана бизнес ишканаларга жардам берген», — деп жазылат маалыматта.

Мындай төмөндөө 2015-жылдан бери АКШнын бардык экономикалык өсүшүнө терс таасирин тийгизет.