АКШ Кыргызстанга экспорт боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт

1 сентября 2020, 09:30

Кыргызстандын АКШ элчилиги АКШда өткөн ири ишкер компаниялардын өкүлдөрү, бизнес-кеңекштер жана ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.

Иш чара 18-20-август күндөрү онлайн түрүндө өткөрүлдү.

Иш чарага Эл аралык Бизнес Кеңеши, суусундук импорттоонун улуттук ассоциациясы жана башка ушул сыяктуу компаниялар дагы катышышты. Негизги максат – КР экспорт мүмкүнчүлүктөрүн жана бизнести өнүктүрүүдө Американын тажрыйбасын жана практикасын үйрөнүү жана пайдалануу.

«Онлайн жолугушуу АКШ менен Кыргызстан тараптын ынтымагын бекемдөөгө багытталган», - деп жазылат маалыматта.