Айбек Калиев: Мага жазылган 19 млн $ байлыктын ичиндеги топчунун дагы мага тиешеси жок

6 ноября 2019, 17:30

6-ноябрда Свердлов райондук сотунда ЖЭБ Бишкекти жаңылоодо жемкорлук боюнча айыпталып жаткан С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Биримкуловдордун соттук отуруму болду.

Отурум учурунда Айбек Калиев эч кандай материалдык байлык албагандыгын билдирди.

Адвокат Калиевден конфискацияга алынган мүлктөр тууралуу сураганда:

«Мага 19 млн долларга байлык жазылыптыр, анын ичинен бир дагы күрмөнүн же топчунун мага эч кандай тиешеси жок. 19 млн долларга мага жок байлыктарды, элдин башын адаштырып адаштырып жазып коюшуптур», - деп билдирди ал.