17-18 мартта Ашхабадда эл аралык инвест форум өтөт

14 февраля 2020, 15:30

17-18 - мартта Ашхабад шаарында эл аралык инвестициялык форум жана көргөзмө болот. Бул тууралуу экономика министрлиги билдирди.



Форум «Жеке ишкерчиликти туруктуу өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтык, бейтараптык саясат» аталыштагы темада өтөт.

Иш-чарада транспорт- логистикалык, өнөр-жай, туризм, агро өнөр-жай комплекси тармактары боюнча маселелер талкууланат.

Иш-чаранын алкагында эки тараптын бизнес өкүлдөрү, чет элдик коноктор менен бир катар келишимдерди түзөөрү күтүлүүдө.