Аткезчилик жол менен 22 тонна сарымсакты алып өткөндөр кармалды

28 октября 2019, 17:30

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Тилек автожолу» контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жерден преформанын ассортиментин жана сарымсакты ташып кирүүдөгү мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1,5 миллион сом суммада 651 миң 856 даана преформанын ассортиментин жана 169 миң сом суммада 22 тонна сарымсакты алып өткөн унаалар кармалган.

Бир импорттоочуда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жок болсо, ал эми экинчисинде маалымкаттын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен.
Материалдар мобилдик топко өткөрүлүп берилди.