Баалуу кагаздарды чыгарууда мамлекеттик казынага 5,5 млрд сом түштү

4 августа 2020, 12:02

Үстүбүздөгү жылдын алты айында республикалык бюджетке мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 5 миллиард 52,04 миллион сом түшкөн. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдайт.

Мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу аркылуу - 991,34 миллион сом болгон.

Бюджеттин көпчүлүк бөлүгү мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруудан келип түшкөн, тактап айтканда 4 миллиард 60,7 миллион сом.