Бакыт Төрөбаев: «Унаа чогултуучу жана чыгаруучу завод ишке кириши керек»

17 января 2020, 15:00

«Ошто чыгарыла турган унаалар Кыргызстандын брендине айланып, ЕАЭБдин алкагында жана дүйнө жүзүнө жайылат. Андыктан, Өкмөт унааларга Кыргызстандан өндүрүлгөнүн тастыктоочу пин кодду бериши керек». Мындай пикирин депутат Бакыт Төрөбаев 16-январда КР экономика министри Санжар Муканбектов, Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов, «Кыргыз унаакурулуш» заводунун директору Абды-Манап Кудайбердиев жана тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди.

Жогорудагы маселелер ишкерлер үчүн узак убакытты, бир катар көйгөйлөрдү жаратып келгендиктен, эл өкүлүнүн демилгеси менен жумушчу топ түзүлдү. Аталган жумушчу топтун курамына Экономика министрлигинин, Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана «Кыргыз унаа курулуш» заводунун өкүлдөрү киришти.

Депутат Бакыт Төрөбаев: «Ата мекендик өндүрүштү колдоого алып, инфраструктура, коммуникация, жеңилдетилген насыяларды берүү жана өндүрүлгөн продукцияларды сатуу маселелерин чечүүдө Өкмөт ар дайым ишкерлерге көмөк көрсөтүшү зарыл» - экендигин белгиледи.