Мэрдин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалды

9 февраля 2021, 09:55

Балбак Түлөбаев мэрдин милдетин аткаруучулук кызматтан кетип, анын ордуна Эрмек Нургазиев келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйында белгилүү болду.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын октябрь айында Эрмек Нургазиев «Кыргызстан» партиясынын катарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн.

Мындан тышкары, Нургазиев көп кабаттуу үйлөрдү курууда алдамчылыкка айыпталып жүргөн. Ошондой эле 2019-жылдын сентябрь айында аял кишиге кол көтөргөн жаңжал боюнча дагы аты аталган.