Баткенде аткезчилик менен ташылып келе жаткан 1 млн сомдук товар аныкталды

11 марта 2020, 13:00

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы наркы 1 млн. сомго чукул болгон тамеки продукциялары Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды.

«Баткен» бажысынын кызматкерлери МБКнын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен областында «М.Э.Р.», аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы «CHEVROLEN CAPTIVA» үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн жана салонун текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан «CAVALO» маркасындагы чыпкалуу 12480 пачка тамеки продукциясы табылган. Кармалган товардын жалпы баасы 998400 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.