Бир айда Кыргызстандын мамлекеттик карызы 11,7 млрд сомго өстү

4 августа 2020, 10:32

Үстүбүздөгү жылдын 30-июнуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 4 миллиард 773,92 миллион долларды (362 миллиард 764,15 миллион сом) түзгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Белгилей кетсек, ушул жылдын май айына салыштырмалуу мамлекеттик карыз 11 миллиард 736 миллион 570 миң сомго көбөйгөн. Бул негизинен өлкөнүн тышкы насыяларынын 11 миллиард сомдон ашыкка көбөйүшү менен шартталган.

Мамлекеттик карыздын түзүмүндө 86% (312 млрд 64,01 млн сом) тышкы карыз, 14% (50 млрд 700,14 млн сом) - республиканын ички насыялары.