Бишкекке Сауд Аравиясынан Кыргызстандын жарандары учуп келди

1 июля 2020, 13:35

1-июлда «Манас» эл аралык аэропорту «Flynas» авиакомпаниясынын «Даммам-Бишкек» маршрутунун чартердик каттамын тосуп алды. КРнын 121 жараны мекенине кайтып келди, алардын көпчүлүгү окуу жайларда окуган студенттер.


Бул авиакаттам менен Сауд Аравиясынан Казакстандын 39 жараны да учуп келип, алар «Манас» аэропортунан Казакстанга атайын транспорт менен жеткирилди.

Дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн КР Тышкы иштер министрлиги бул каттамды уюштурууну ишке ашырган.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтууну каалаган жарандарды КРга алып келүү боюнча иштер уланууда.