Азык-түлүктү кымбаттаткан айрым соода түйүндөрүнө айып салынды

21 апреля 2020, 15:10

17-апрелде Мамлекеттик антимонополия кызматы финансы полициясы жана Бишкек мэриясынын жетекчилери менен биргеликте борбордогу бир катар соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүшкөн.

Маалыматка ылайык, текшерүү иштери төмөнкү соода түйүндөрдө жүргүзүлгөн:

  • «Кампа» кичи дүң азык-түлүк соода борбору;
  • «Вечерка» кичи маркети;
  • «Гренки» маркети;
  • «МигГрос» супермаркети;
  • «Яр-марка» супермаркети;
  • «Весна» дүкөнүндө;
  • «Алма» гипермаркетинде.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында, төмөнкү азык-түлүктөргө болгон баа коюлган чектен ашыгы менен сатылып жаткандыгы аныкталган: кумшекер, макарон, суу май, 1-сорттогу ун жана уй эти. Мындан улам дүкөндүн ээлерине төрт админстративдик айып пул салынды.