Ирандан Бишкекке беш кыргызстандык жана гуманитардык жүк келди

19 мая 2020, 09:30

Ирандын Мешхед шаарынан Бишкекке чартердик аба каттамы менен беш мекендешибиз жана гуманитардык жардам келди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Берилген гуманитардык жардам жеке коргонуу каражаттарынан (беткап, кол кап, кийим, коргоочу көз айнек), дары-дармектерден турат.

Өкмөт өлкөдө коронавирус эпидемиясын жеңүүгө өбөлгө түзө турган гуманитардык жардам үчүн иран тарапка ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыкка ишеним көрсөттү.