Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкулов кызматтан бошотулду

8 февраля 2021, 14:45

Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматы тууралуу» мыйзамынын 46-беренесине ылайык, Азиз Алымкулов башка кызматка которулуп жатканына байланыштуу шаардын вице-мэри кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.