Бишкекте мыйзамсыз арак сатуу фактылары аныкталды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө бир канча соода түйүндөрүндө күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны сатуу фактыларын аныкташты.
МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жалпысынан ар кандай идиштеги жана аталыштагы 1 миңден ашык бөтөлкө алкоголдук ичимдик тартып алынды.
Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.