ЕАЭБде 2018-жылга чейин сом менен бир дагы өз ара төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес

26 мая 2020, 10:35

Евразия экономикалык бирлигиндеги мүчө мамлекеттердин басымдуу бөлүгү Орусия рублу менен өз ара төлөмдөрдү жүргүзүшөт. Рубль - бардык өз ара эсептешүүлөрдүн 72,4% түзгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия билдирди.

2018-жылга салыштырмалуу рублдун үлүшү 0.3% төмөндөгөн. АКШ доллары менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү жалпы көлөмдөн - 19.4%, евро - 6.6% түзгөн.

Кошумчалай кетсек, 2013-жылдан тарта рубль менен эсептешүүнүн көлөмү 10.6% жогорулаган, ошол эле учурда америкалык валюта менен өз ара төлөмдөрдүн жугүртүү көлөмү - 10.9% төмөндөгөн.

Белгилей кетүүчү нерсе, башка улуттук валютадагы эсептешүүлөрдүн көлөмү 1.5% (2018-жылы 1.2%) түзгөн. Муну менен катар 2018-жылга чейин сом менен такыр төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес, 2018-19-жылдары жалпы көлөмдүн ичинен сом менен соодалашунун абалы болгону 0.1% гана түзгөн.