ЕАЭБдин ичинен Кыргызстанда эмгек акынын көлөмү кыскарган жок

7 мая 2020, 13:30

Евразия экономикалык бирикмедеги Кыргызстандан башка мамлекеттерде, февраль айындагы эмгек акы январь айына салыштырмалуу төмөндөгөн. Бул маалыматты ЕЭК билдирди.

Арменияда эмгек акы - 8 $, Белорусияда - 18 $, Россияда - 15 $ төмөндөгөн. Кыргызстанда номиналдык эмгек акы январь айындагы көлөмүн (246 доллар) сактап калды.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргызстанда 2020-жылдын январь айындагы эмгек акы, 2019-жылдын январь айына салыштырмалуу 27 долларга жогорулаган.