ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине кыргызстандык 102 ишкана катталган

20 января 2020, 11:15

ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде кыргызстандык 102 ишкана катталган. Бул тууралуу ветеринар жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциядан билдиришти.

Аталган ишканалардын ичинен 26 сүт чыгаруучу субъекти, 29 - бал иштеп чыгуу жана чогултуу ишканасы. Андан сырткары, аталган реестрде балык этин кайрадан иштеп чыгарган 21 ишкана, эт азыктарын чыгарган 15 компания катталган.

ЕАЭБдин Бирдиктүү реестрине КР катталган ишканалар:

1. 26 - сүт чыгаруучу ишкана

2. 29 - бал иштеп чыгуу жана чогултуу ишкана

3. 21 - Балык этин иштеп чыгуу ишкана

4. 15 - Эт азыктарын иштеп чыгуу ишканасы

5. 1 - Улуттук сүт азыктарын чыгарган ишкана

6. 6 - союлган малдын этин кайра иштетүүчү ишкана

7. 2 - Асыл тукум, тирүү жаныбарларды сатуу жана өстүрүү ишканасы

8. 1 - Канаттуулардын этин кайра иштетүү ишканасы

9. 1- Тоют өндүрүү ишканасы