ЖК комитети Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү 50 млн. $ гранттык макулдашуу долбоорун колдоду

23 сентября 2019, 16:45

Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы боюнча комитети 23 – сентябрда КР менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы экономикалык ассортиментти өнүктрүү долбооруна макулдашуу жүргүздү.

Экономика министри Санжар Муканбетовдун айтымында, 2018 – жылы КР тарабынан аталган программа боюнча иш-чаралар аткарылган жана Азия өнүктүрүү банкы бюджетти колдоо үчүн алгач 30 млн.$ бөлүүнү көздөгөн, кийинчерээк 40 млн.$, андан кийин 50 млн.$ бөлдү.


2019 – жылдын 16-сентябрь күнү Азия өнүктүрүү банкынын директорлор совети өлкөнүн бюджетин колдоо максатында, 50 млн. $ бөлдү – деп билдирет министр.