Жалал-Абад шаарындагы таксилер бааны жогорулатпайт

6 мая 2020, 13:00

Жалал-Абад шаарында такси кызматтарына бааларды жогорулатпоо талабы коюлду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңишбек Жоробеков билдирди.

Ал белгилегендей, учурда Жалал-Абад шаарында 83 мекеме-ишкана ишин баштады. Анын ичинен бешөөсү такси кызматын көрсөтөт.

«Такси кызматтарына 4 шарт коюлду. Биринчиси – уруксат кагазын алуу, экинчиси – санитардык нормаларды сактоо, үчүнчүсү – экиден ашык жүргүнчү салбоо жана башкысы – бааларды көтөрбөө», - деди ал.