Сатыбалдиев: ЖЭБке каражат мен отставкага кеткенден кийин которулган

28 ноября 2019, 10:54

28-ноябрда Свердлов райондук сотунда ЖЭБ Бишкекти модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө.

Сот учурунда талаш-тартыш чыкты.

Жантөрө Сатыбалдиев өзүнүн билдирүүсүндө тергөө үстүртөн жүрүп жатканын айтты.

«Контракттык макулдашуу 2014-жылдын май айынын аягында гана күчүнө киргизилген. Каражат мен отставкага кеткенден кийин, эки айдан соң которулган. Курулуш иштери 2015-жылдын ноябрь айында башталган», - деп билдирди ал.

Анын айтымында, долбоорду жаңылоосун «Электрдик станция» көзөмөлдөө керек болчу.

«ЖЭБди жаңылоодо менин жеке кызыкчылыгым болгон эмес. Мага коюлган 55 том күнөөнүн ичинде дагы Сатыбалдиев мыйзамга каршы иштеген деген жазуу дагы жок», - деп айтты.