Жерүй Кыргызстанга эмне берет? Видеографика
Жерүй кенинде жумуш толук кандуу жүрүп жатат. Алтынды казып алуу иштерин «Алтын Альянс» компаниясы жүргүзүп жатат жана жакын арада алгачкы алтын куймаларын чыгарат.
Компаниянын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-мартында 120 миң 769 тонна баланстык руда казылган. Муну менен катар алтын комбинатына ташылган руданын көлөмү 2 миң 526 тоннаны түзгөн.
Белгилей кетсек, «Алтын Альянс» компаниясы - орусиялык инвестор. Ишкана алтын каза баштаган күндөн тарта, республиканын бюджетине түшкөн кирешенин көлөмү өсөт.