Кадамжайда эки миллион сомго чукул аткезчилик аныкталды

18 мая 2020, 15:00

Бажы кызматкерлери Баткен областына караштуу Кадамжай районунун Марказ айылында «А.Ш.Б.», аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы «Мерседес-Бенс 1840 LS 4x» үлгүсүндөгү таранспорт каражаты чиркегичи менен токтотуп текшеришкен.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 14000 кг, кургатылган жемиштер жана «Мерседес-Бенс С200» үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 1900000 сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча ОШ областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.