Камбар-Ата ГЭС-2 оңдоп-түзөө иштерине тендер жарыяланды

7 октября 2019, 09:33

ААК «Электрдик станция» Камбар-Ата ГЭС-2 оңдоп-түзөө иштерине тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар боюнча департаментте жазылат.

Сатып алуу жолдору – бир этапта, 1 млн. 308 миң 817, 44 сомго жүргүзүлөт.

Сынак 2019 – жылдын, 18 – октябрында жыйынтыкталат. План боюнча оңдоп-түзөө иштери 2019 – жылдын ноябрь айына чейин буткөрүлүшү зарыл.