Кыргызстанда 11 ай ичинде 1,5 млн тонна сүт өндүрүлгөн

6 января 2020, 15:25

2018-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу, 2019-жылдын жыйынтыгы менен мал-чарбачылыктын кээ бир түрлөрүнүн көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда ноябрь айында 108 миң 537, 9 тонна сүт өндүрүлгөн. Ал эми 2018-жылдын ноябрь айында 106 миң 167,3 тонна сүт өндүрүлгөнү маалым болгон.

2019-жылдын январь-ноябрь айларында 1 млн 519 миң 313 тонна сүт өндүрүлүп, 2018-жылга салыштырмалуу 35 миң тоннага көп болгон.