Медициналык ЖОЖдорду Пакистандын «кара тизмесинен» чыгаруу маселеси талкууланды

5 февраля 2021, 17:15

Кечээ, 4-февралда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Э.Бейшембиев Пакистандын тышкы иштер министринин орун басары М.А.А.Куреши менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Пакистандын Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, ошондой эле Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларын Пакистандын медициналык комиссиясынын «кара тизмесинен» чыгаруу маселелери талкууланган.

Ошондой эле пакистандык тарапка Борбордук Азиянын, ЕАЭБдин жана ЕБтин рынокторуна товарларды өндүрүү жана экспорттоо максатында ишканаларды түзүү үчүн Кыргызстандын транзиттик жана соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү пайдаланууну сунуштар берилди.