Москвадан 378 кыргызстандык Бишкекке кайтып келди

18 мая 2020, 10:15

Москвадан 378 кыргызстандык Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17майда «Манас» эл аралык аэропортунда «Аэрофлот» авиакомапаниясынын Москва-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты.



«378 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды. КР өкмөтү бардык мекендештерибизди мекенине кайтаруу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ Москвадан 161 кыргыз жараны Бишкекке учуп келген.