Нарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылып берилди

9 ноября 2020, 14:35

Кечээ, 8-ноябрь күнү Нарын облусунда жана шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 370 тонна көмүр таратылып берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр «Ассалам» фонду тарабынан таратылып берилген. Көмүрдү 904 үй-бүлө алып, алардын ар бирине 7ден кап көмүр берилген.

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Сабыркул Ашымбаевдин айтымында, жакында облустагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 600 тонна көмүр таратылат.