Президент ЖЕЭКтин видео-конференция форматындагы жыйынына катышат

19 мая 2020, 11:00

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видео-конференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Беларусь Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган кезектеги жыйында евразия интеграциясын тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери, аны жакынкы жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жана башкалар каралат», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, ЖЕЭК мүчөлөрү — Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкө башчысы катары Молдованын президенти Игорь Додон катышат.