Президент: «Инсандын өзүнүн уруксаты жок, ал тууралуу маалыматты таратууга эч кимдин укугу жок»

4 октября 2019, 13:05

Мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо, мамлекеттик сырды жашыруу менен башталат . Маалыматтын коопсуздугун камсыз кылуу – өзгөчө көңүлдү талап кылат - деп билдирди «Орто Азиядагы санариптик трансформация» аталыштагы конференцияда президент Сооронбай Жээнбеков.

Жарандардын кызыкчылыгы кол тийгис болуп эсептелинет. Жарандын уруксаты жок, ал тууралуу маалыматты таратууга эч кимдин укугу жок - деп кошумчалады президент.

Өкмөт кибер коопсуздугу боюнча жаңы стратегияны кабыл алган. “Кыргызстан бул тармакта жаны технологияга муктаж” – деп билдирди С.Жээнбеков.