Россиядан Кыргызстанга дан эгиндеринин үрөндөрү экспорттолот

19 февраля 2021, 16:50

Айыл чарба, суу жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Россиянын Бириккен дан компаниясынын директорунун биринчи орун басары О. Солдатенков жана компаниянын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар буудай, ун азыктарын жана дан эгиндеринин үрөндөрүн Кыргызстанга экспортоо ошондой эле эт азыктарын сатуу, сатып алуу боюнча узак мөөнөттөө кызматташууну талкуулашты.

Россия Федерациясынын бириккен дан компаниясынын өкүлдөрү бир катар ишканалар менен жеринен таанышканын билдирип, кызматташууга даяр экенин билдиришти.