Россия-Кыргыз өнүгүү фонду кризиске каршы экинчи пакетин бекитти
24-июлда Россия-Кыргыз өнүгүү фонду кризиске каршы чакан жана орто бизнес үчүн экинчи кризиске каршы пакетин иштеп чыкты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Кризиске каршы чаралардын комплекси COVID-19 пандемиясынын кесепетинен улам кабыл алынган.
Анда төмөнкүлөр камтылган:
- Насыянын мөөнөтүн үч айга узартуу менен, негизги карызды төлөөнү кийинкиге калтыруу:
- үч айлык мөөнөткө АКШ долларында каржыланган пайыздарды төлөөгө мораторий жарыялоо:
Насыяны төлөө графигине кана өзгөрүүлөр киргизилип, толук реструктуризация болгон эмес.
Фонддон жардам алуу үчүн каржылоону жактырган өнөктөш банкка же микрофинансылык уюмга кайрылуу керек.