Салык төлөбөй жүргөн компаниялардын тизмееси жарыяланды

27 декабря 2019, 17:30

Мамлекеттик салык кызматы ири суммадагы салыгын төлөбөй жүргөн кыргызстандык компаниялардын тизмесин жарыялады.

Маалыматта ушул жылдын 1-декабрына карата 78 компаниянын салыктык карызы 559,3 миллион сомго жеткени айтылат. Эң жогорку сумма Ысык-Көлдө жайгашкан «Лонг Хай» ЖЧКсынын КРдеги өкүлчүлүгүнө таандык. Бул ишкана салык кызматына 227 миллион сом төлөбөй жүрөт. Мындан башка да 20-50 миллион сомдук карыздар жазылган.

Карызы бар ишканалардын тизмесин Салык кызматынын сайтынан көрүүгө болот.