Тажикстан бюджетин колдоого 50 млн $ бөлүнөт

25 сентября 2020, 09:45

Тажикстандын бюджетин пандемия маалында колдоо максатында Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү Фонду тарабынан насыя берүү макулдугу кабыл алынды. Буга чейин Фонддун Кеңеши 50 млн доллар берүү боюнча чечим кабыл алышкан. Бул тууралуу Евразия Өнүктүрүү банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Насыя 20 жылга жылына 1 пайыздык чен менен, анын ичинен 10 жылы жеңилдетилген шартта, биринчи жылы 25 пайыздык чен менен берилет.

Белгиленгендей, насыя Тажикстандын COVID-19 кесепетинен улам экономикасына, каржы жана социалдык тармактарына тийгизген таасирине каршы турууга багытталат.