Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү – 17 млрд. 223, 97 кубметрди түзөт

2 октября 2019, 11:48

2 – октябрдын жыйынтыгы менен Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 млрд. 223, 97 кубметрди түзөт. Бул тууралуу ААК “Электрдик станция” билдирет.

Орточо эсеп менен алганда, бир секундада – 366 кубметр суу келип түшөт, ал эми чыгаша – 273 кубметрди түзөт.

Августтун аягында сунун көлөмү 16 млрд. 989, 01 млн. кубметрге жеткен. Сунун келиши секундасына 383 кубметрди түзөт, чыгаша – секундасына 260 кубметрди түзөт.