Улуттук банк 600 млн сомго кезектеги аукционду өткөздү

15 мая 2020, 10:00

Улуттук банк 14-майда «Айыл чарба тармагын каржылоо — 8» долбоорунун негизинде, банктарды каржылоо максатында аукцион өткөрдү.

Аукциондо 5 пайыздык чен менен, жалпысынан 600 млн сом жайгаштырылган.

Эске сала кетсек, насыянын мөөнөтү 6 ай.

Кошумчалай кетсек, коммерциялык банктарга 5 пайыздык чен менен 2 млрд сом сунушталган. Арыздын минималдуу суммасы 20 млн сомду, максималдуу сумма - 450 млн сомду түзөт.