Адам сатууга каршы 2022-2025-жылдарга программа бекитилди

26 апреля 2022, 13:25

Министрлер кабинетинин 2022-2025-жылдарга адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге Акылбек Жапаров кол койду.

Программанын максаты мамлекеттик органдардын коомдук жана эл аралык уюмдар менен ишин жана кызматташуусун координациялоонун негизинде адамдарды сатуудан жабыр таркан адамдардын – жактардын укуктарын илгерилетүүгө багытталган адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чараларынын системалуу ыкмасын жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу болуп саналат.

Кабыл алынган программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:

  • адамдарды сатуунун алдын алууга, бөгөт коюуга, аларга жардам көрсөтүү жана коргоо максатында адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоого жана кайра жиберүүгө багытталган адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негиздерин укуктук регламенттештирүү;
  • адамдарды сатуунун алдын алуу;
  • адамдарды сатууга күнөөлүүлөргө бөгөт коюу жана кылмыш куугунтугуна алуу;
  • адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо жана жардам көрсөтүү;
  • адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк, кызматташтык жана ишти координациялоо.