17-мартка карата АИ - 92 маркасында күйүүчү майдын баасы 44, 4 сомду түзүүдө

17 марта 2021, 11:15

Ири май куюучу жайлар боюнча сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 17-март, саат 10:40 карата АИ - 92 маркасында күйүүчү майдын баасы эч өзгөрүүсүз бойдон калды.

АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 44, 4 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда - 41, 5 сомго, суюлтулган газ - 24, 65 сомго бааланууда.

АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 43, 9 сомду, АИ-95 - 45, 9 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 49, 9 сом менен жана Bishkek Petroleum 50, 5 сом менен сунуштоодо.

Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 41, 5 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

- «Партнер Нефть» - 23,9 сом менен;
- Bishkek Petroleum - 23,9 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
- «Газпром нефть» - 25, 4 сом менен (Бишкектеги үч май куюучу жай).