Айдоочуларга кайсы учурда айып пул салынбайт?

3 декабря 2019, 09:51

Жааган кардан көрүнбөй калган чийинден өтүп кеткен айдоочуларга айып салынбайт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери Тилек Оторов радиолордун бирине маек берип жатып билдиргенин 24.kg маалымат агенттиги жазып чыкты.

Тилек Оторовдун айтымында, жол чийиндерин кар басып, айдоочу андан ашып токтогон болсо, анда ал эреже бузуу катары эсептелбейт.

«Автоматтык система каттоого алган күндө да Мониторинг борборундагы кызматкерлер токтомду жокко чыгарат», — дейт ал.

Кошумчалай кетсек, Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан тилкелерде жол кырсыктары 46,9 пайызга азайган.