Айдоочулук күбөлүктүн баасы 40% төмөндөдү

2 декабря 2020, 12:20

Айдоочулук күбөлүктүн баасы 40% төмөндөдү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Буга чейин айдоочулук күбөлүк 920 сомду түзсө, азыр анын баасы 554.86 сомго түштү. Андан сырткары эл аралык стандарттагы айдоочулук күбөлүктүн баасы 246 сомду түзөт.

Кошумчалай кетсек, мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 5 жыл ичинде 818 миң айдоочулук күбөлүк берилген.