«Айыл чарбасын каржылоо — 9» долбоору аркылуу 600 фермер насыя алды

15 марта 2021, 10:30

«Айыл чарбасын каржылоо — 9» долбоору ишке киргенден тарта бир ай ичинде 647 фермер жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу финансы министрлигинин сайтында маалымдалат.

Коммерциялык банктар тарабынан берилген насыянын көлөмү 313 млн 763 миң сомду түздү.

Долбоордун максаты айыл ата мекендик айыл чарба тармагындагы өндүрүүчүлөрдү жентилдетилген насыя менен колдоо болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, программа 2013-жылдан бери иштеп келет, бул убакыт аралыгында 102 чарба субъектилери насыя алган.